Сокулукта үйлөнүү тойдо баланы тээп жиберген жигит айыпталды
28.11.26 | 14:20
Үйлөнүү тойдо баланы тээп жиберген жигит жоопкерчиликке тартылды. Бул тууралуу 28-ноябрда Чүй облустук милициясы маалымдады.
Окуя 25-ноябрда Сокулук айылында болгон. Видеодо эки кичинекей бала жигит сүйлөп жатканда тоскоол болгону тартылган. Натыйжада жигит бирөөсүн көкүрөк тушка тээп жиберген.
Аталган факт боюнча териштирүү жүргүзүлүп, жигиттин өздүгү аныкталды. Ал 17 жаштагы Н.Н. болуп чыкты, ага карата КР Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 126-беренеси (Майда бейбаштык) боюнча протокол түзүлдү.
Материалдар Сокулук райондук сотуна жөнөтүлүп, сот ага айып пул дайындады.
Редактор
Редактор
Поделиться: