Жарнама

Ажылыктын баасы жогорулады

28.11.26 | 14:43
Ажылыктын баасы жогорулады КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

2027-жылдагы ажылыктын наркы миң доллардан ашык акчага көтөрүлүп, 5800 доллар деп бекитилди. Бул туурасында Кыргызстандын мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.

Баа зыяратчыларды жайгаштырууга байланыштуу маселелерден улам көтөрүлгөнүн түшүндүрүштү.

"Буга чейин Меккедеги фонддор мейманканаларды акысыз берчү. Бирок быйыл ал жайларга жайгашуу мүмкүн болбой калды. Себеби, сөз болуп жаткан мейманканалар Меккенин ар кайсы жеринен орун алган. Мындай шартта бирдей тейлөө, кызмат кылуу, зарыл болуп калганда жардам берүү жана уюштуруу иштери бир топ кыйын болуп келген. Ал жайлардын шарттары да талапка толук жооп берген эмес. Айрым документ иштерин бүтүрүүдө да кыйынчылыктар кездешкен", — деп маалыматта айтылат.

Мындан улам зыяратчыларды акы төлөнгөн мейманкаларга жаткырууну чечишкен. Белгилей кетсек, былтыр ажылыктын акчасы 4650 доллар болчу.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча