Бишкекте мас айдоочу сегиз автоунааны сүздү
Бишкекте айдоочулук укугунан ажыратылган жигит ичип алып рулга отуруп, сегиз машинаны сүздү. Бул тууралуу Кайгуул милициясынан билдиришти.
Кырсык 28-ноябрда, саат 00:20 чамасында Бишкектин Абдрахманов жана Кулатов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Алдын ала маалымат боюнча, Honda Odyssey үлгүсүндөгү автоунааны 22 жаштагы айдоочу башкарып бара жаткан.
Маалым болгондой, айдоочу быйыл 11-майда Ленин райондук сотунун чечими менен бир жылга транспорт каражатын башкаруу укугунан ажыратылган. Буга карабастан, ичип алып рулга отуруп, жолдон Kia K5, Hyundai Sonata, Toyota Levin, Daewoo Labo, Mazda Demio, Toyota Camry, BMW машиналарын сүзгөн.
Кырсыктын кесепетинен баш-аягысегиз автоунаа зыянга учураган. Бактыга жараша, кишилер жабыркаган эмес. Учурда тиешелүү териштирүү иштери жүрүп жатканын айтышты.