Бишкекте электросамокаттарга тыюу салуу керекпи? (сурамжылоо)
Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Рысбай Аматов борбор калаада электросамокаттарды колдонууга толук тыюу салуу же алардын тротуарларда жүрүүсүн чектөө демилгесин көтөргөн.
Аматовдун айтымында, самокат айдагандар балдарды жана улгайган адамдарды сүзүп, жарандардын коопсуз жүрүү укугун бузуп жатышат. Депутат «бизнес жана салыктар адам өмүрүнөн маанилүү эмес» экенин белгилеп, тротуарлар жөө жүрүүчүлөр үчүн гана болушу керектигин айтты.
Жеткирүү кызматтары жана шаар тургундары үчүн электросамокаттын ордуна кадимки механикалык велосипеддерди колдонууну сунуштады. Ошондой эле, ал электр велосипеддерге да каршы экенин, анткени алар саатына 60 чакырым ылдамдыкта жүрүп коркунуч жаратарын кошумчалады.
Белгилей кетсек, Бишкек шаарында 2026-жылдын 10 айында электр самокаттарынын катышуусунда 28 жол-транспорт кырсыгы катталып, 1 адам каза болуп, 31 адам жаракат алды. Жалпысынан 2023-жылдан бери борбор калаада жеке мобилдүүлүк каражаттары (ЖМК) менен болгон кырсыктардан 300дөн ашуун жаран жабыркаган.
Жыйынга катышкан борбордук милиция башчысынын орун басары Рались Касанов самокаттарга өзүнчө көчө бөлүү маселени чечпей турганын айтты. Ал Бишкектин борбордук бөлүгүндө электросамокаттарга толук тыюу салууну сунуштап, бул кадамды шаардыктардын 90 пайызы колдой турганын билдирди.
Шаардык кеңештеги талкуулардан кийин, Жогорку Кеңештин депутаттары Советбек Рустамбек уулу жана Жаныбек Абиров да өлкө аймагында электросамокаттарга толук тыюу салуу демилгесин көтөрүштү. Мындан тышкары, парламентте 18 жашка чейинки өспүрүмдөргө самокатты ижарага берүүгө тыюу салуу жана айып пул киргизүү боюнча мыйзам долбоору каралууда.
Азыркы тапта бул демилгелер талкуулоо жана тиешелүү органдардын сунуштарын топтоо баскычында турат, алар боюнча акыркы чечим кабыл алына элек.
Ал эми сиз кандай ойлойсуз Бишкекте электросамокаттарга тыюу салуу керекпи?
Жыйынтыгы 4-декабрь күнү саат 16:00дө чыгарылат.