«Non-Stop» дуэти кайра жанданабы?

Кыргыз эстрадасындагы «Non-Stop» дуэтинин мурунку курамы кайрадан бирикти. Бул маалыматты Чолпон Талипбек менен Максат Садырбеков бүгүн, 22-ноябрда АКИpress агенттигинде өткөн маалымат жыйында айтышты.

Бул музыкалык долбоор мындан 10 жылдай убакыт мурун башталып, кастинг аркылуу 2 солист — Чолпон менен Максат тандалган. Команда чет өлкөлөрдөгү сынакка катышууга жетишти.

Жалпы 8 жыл бирге эмгектенген дуэт 2017-жылдын декабрында тараганын жарыялашкан.

Булак: АКИ пресс

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru