Ноокат районунда жашы жете электер арасында «Алдын алуу күнү» өткөрүлдү-(ФОТО)

2020-жылдын 4-ноябрь күнү Ноокат районунун аймагында Ош ОИИБдин коомдук коопсуздук кызматынын жана Ноокат РИИБдин жашы жетеэлектер менен иштешүү инспекциясынын инспекторлору , билим берүү мекемелердин соц.кызматкерелери, райондогу балдарды коргоо мекемесинин окулдору, жергиликтуу бийлик органдары менен биргеликте жашы жетелектер арасында укук бузуулардын алдын алуу максатында «Алдын алуу күнү» өткөрүлдү.

Алдын алуу иш чарасынын жүрүшүндө Ноокат РИИБде каттоодо турган, ата-энеси эмгек миграцияда жүргөн, ата-энеси жок тоголок жетим балдар жана жашоо шарты оор абалдагы үй-бүлөдө жашаган жашы жете электердин үйлөрүнө барып, кабар алынды.

Ноокат шаарынын аймагын кыдырып текшерген учурда шаардагы кафе, ресторан,чайхана, автоунаа жуучу жайларда иштеген 12 жашы жетелек бала аныкталып, аныкталган жашы жете элек өспүрүмдөргө мыйзамдгы укуктары боюнча түшүндүрмө берилди. Ноокат шаарынын борборунда жайгашкан базар текшерилип, соода сатык менен алектенген өспүрүмдөрдүн ата-энелерине  эмгекке эрте тартылган балдардын ден соолугуна жана психологиясына терс таасир тийип калышын эскертип, маек жүргүзүлдү.

Жашы жете электер арасындагы укук бузуулардын алдын алуу боюнча эл арасында сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, жашы жете элек балдары кылмыш же жорук жасаган учурда  ата-энеси жооптуу экендиги түшүндүрүлдү. Ошондой эле социалдык-укуктук суроолор боюнча консультативдик жардам көрсөтүлдү.

Ош ОИИБдин басма сөз кызматы.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru