Ноокенде 3-класстагы кызды зордуктаган жигитти милиция издөөдө

Ноокен районунда 9 жаштагы кызды зордуктоого шектелген жаран изделүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, 28-январь күнү жергиликтүү тургун милиция бөлүмүнө кайрылган. Ал ошол күнү болжол менен саат 17:00дө белгисиз адам анын 3-класста окуган кызын зордуктаганын айткан.

Апасынын айтымына караганда, кызы мектептен үйүнө келе жатканда 20-25 жаштагы белгсиз жигит аны коркутуп, күч колдонуп зордуктаган.

Учурда милиция 9 жашар кызды зордуктаган жигитти издөөдө.

Милиция кылмышка шектелген жарандын фотороботун түзгөн. Эгерде сиздер сүрөттөгү жигитти көрсөңүздөр же ал тууралуу маалымат болсо, 03734102 же 0555003100 номерлери аркылуу кабарлап коюңуздарды суранабыз.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru