Ноокенде эки тургундун үйүнөн 15 тонна чийки мунай табылды (ВИДЕО)

Ноокен районунда эки тургундун үйүнөн 15 тонна чийки мунай табылды

Мындай маалыматты «Кыргызнефтегаз» ААКтын коопсуздук кызматынын өкүлү Рашид Сулайманов “Турмуш”-сайтына билдирди.

Маалыматка ылайык 16-апрелде Ноокен РИИБдин кызматкерлери менен бирге Бүргөндү айыл аймагынын Кызыл-Кыя айылындагы З.Н. аттуу жашоочунун үйүнүн короосунан 7 тонна мунай зат табышкан. Жалал-Абад шаарындагы мунайды кайра иштетүүчү заводдун лабораториясы табылган мунай зат жер алдынан алынганын, курамында 87 пайыз мунай, 13 пайыз суу бар экенин аныктап, корутунду чыгарып берген.

Ноокен РИИБдин кызматкерлери бул факт боюнча тергөө иштерин жүргүзүп, З.Н. 24-апрель күнү 48 саатка камакка алынган. Учурда баш коргоо чарасы каралууда

Мындан сырткары 24-апрелде Ноокен районунун Момбеков айылынын тургуну К.Т.нын үйүнүн короосунан дагы 8 тоннага жакын иштетилбеген мунай табылган. Айрым маалыматтарга караганда, аталган тургундун жакыны прокуратурада иштейт экен. Мага жеткен маалымат боюнча, прокуратурадан РИИБдин кызматкерлерине кармалгандарды үй камагына чыгарасыңар деген басым болуп жатыптыр. Чечимди сот чыгарат.“Кыргызнефтегаз” ишканасынын кызматкерлери дагы аралашып же аралашпаганын аныкташыбыз зарыл. Кыргызстанда жер алдынан мунай өндүргөн жалгыз ишкана “Кыргызнефтегаз” болуп саналат», – деди Рашид Сулайманов.

Булак:Турмуш

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru