Ноокенде куткаруучулар өмүрүн кыюуга аракет кылган жаранды сактап калышты

700×100 kyr

Ноокенде куткаруучулар өмүрүн кыюуга аракет кылган жаранды сактап калышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 15-сентябрда саат 09:27де Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Сакалды айылынын 44 жаштагы тургуну насостук станциянын башына чыгып, өз жанын кыюуга аракет кылган.

Жерине Нокеен райондук №55 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тартылып, жаранды станциянын башынан түшүрүп, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

- Advertisement -

Leave A Reply

Your email address will not be published.