Нурадил Маматов, “Майлуу-Суу” шаарынын мэри: “Заводдон банка, айнек бөтөлкө чыгаралы дегенбиз….”

–Нурадил Аманбаевич,  учурда Майлуу-Суу шаарында жайгашкан лампа заводу ишин токтотуп жатыптыр деген маалыматтар чыгууда. Бул чынбы?

–1600 киши иштеген заводду жаап коё албайбыз. Болгону былтыр планды аз аткарып калдык. Эч кандай завод жабылбайт, иштейт, азыр да иштеп жатат.  Болгону биз замандын талабына ылайык заводду жаңылайлы деген пландарыбыз бар. Былтыркыга караганда быйыл жакшы жылыштар бар. Лампа заводдун жетекчиси учурда  бул боюнча проекти жазып чуркап жүрөт.  

–Лампочкадан сырткары башка нерсе чыгарса болбойбу?

–Албетте болот. Завод кызматкерлеринин негизги максаты лампочкалардан сырткары  айнек бөтөлкө, банкаларды чыгарсак деген максат менен Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондуна 7 миллион доллардык проекти жазышкан. Эгерде ошол проекти ишке ашып кетсе, заводго жана мамлекеттин бюджетине жакшы акча түшмөк. Мен дагы мэр катары карап турбай жардам берип жатам. Быйыл буюрса проекти ишке киргизип калсак керек.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru