Нурбек Молдокадыров, Нарын шаарынын мэри: “Элибиз талаптарга көчөгө машина менен чыгууда”

Мындай пикирин «коом press» сайтына шаардын мэри Нурбек Молдокадыров билдирди.

“Мен Нарын шаарынын мэри катары сизге түшүндүрмө берип койсом. Нарын шаарында өзгөчө кырдаал убагында милиция органдары менен бирге көчөгө басканды, менчик унаа менен жүрүүгө чектөөлөрдү киргизип жатабыз. Бирок элибиз өз муктаждыктарын чечүү максатында дагы эле талаптарга жооп бербей көчөгө жөө же менчик машина менен чыгууда. Чектөөлөрдү коюп талап кылганда элдер азык түлүктү  мисалы 50 кг унду же картошканы кантап алып келем.  Ооруканага  кантип жетем жана карыган ата энеме кантип тамак алып барам деп маселе коюуда. Ошондуктан биз мэрия үйдө олтуруңуз жана жеке машинаны айдабаңыз. Керектүү азык түлүктөрдү буйрутманы такси менен алдырыңыз, же ооруканага көчөгө чыкпай, ыкчам такси менен жетип алыңыз деп шарт түзүп берүүгө чечим кабыл алдык. Көчөдө 300 же 400 машина жүргүчө 20 такси менен каттоону минималдаштырганга аракет кылуудабыз. Карантин убагында, анын үстүнө жазында жер айдоо, мал жеткизүү убагында элдер кредит алабыз же башка маселе чечебиз деген аракеттерди токтото албайт экенбиз. Себеби жаздын бир күнү бир жылга тете дегендей. Сизге берген маалыматты туура түшүнөт деген ой бар, рахмат”-дейт ал.

Эскерте кетсек, мындан бир нече убакыт мурун  Нарын шаарындагы элдин ээн эркин жүргөнү боюнча “коом press” сайтына макала жарыяланган. 

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru