народный

Нурбек Орозалиев, Будапешт шаарынын тургуну: “Бизде беткаптын баасы 250 сом”

Учурда чет өлкөдө окуп анан иштеген жаштарыбыз абдан көп. Алардын бири Нурбек Орозалиев. Нурбек учурда Венгриянын борбор калаасы Будапешт шаарында окуп иштейт. Бүткүл дүйнөнү каптап жаткан коронавирус учурда  Будапештке да жетип тургундар толук түрдө карантинге алынды. Биз мекендешибиздин абалын сурап, байланышка чыктык.

–Нурбек, учурда  коронавирустун очогу  Венгрияга жетти.  Коргонуу иштери кандай жүрүп жатат?

Саламатсызбы? Ооба, учурда коронавирустун очогу Кытайдан Европага келди окшойт. Венгрияда учурлар катталды, бирок, башка Европа өлкөлөрүнө салыштырмалуу өтө эле аз. Коргонуу иштери өкмөт тараптан жакшы эле болуп жатат. Өлкө боюнча өзгөчө кырдаал киргизилген. Чек ара жабылып, тургундардын үйдө отуруусу сунушталууда.

–Бизде беткаптар абдан кымбат деп нааразы болушууда.  Айлык акы менен салыштырганда сиздерде баа кандай?

–Кыргызстанда бет капты 20-25 сомдон сатып алып нааразы болгондор бар экен. Мен салыштыруу ирээтинде айта кетсем. Мен 2-3 жума алдын бет кап алуу үчүн дарыканага бардым. Акыркы бет каптар калган экен. 2 даана бир жолу колдонуучу бет капты 1000 форинтке  (Венгер акчасы) 250 сом, ал эми көп жолу колдонулуучу бет капты 5000 форинтке 1250 сомго сатып алдым. Өлкөдө ансыз деле тартыш болуп жатканда баасына карабастан сатып алат экенсиң да. Анан Кыргызстанга салыштырып карасам, ал жакта баалар кыйла жакшы экен. Өкмөт бет каптарды 10 сомдон жогорку баада сатууга тыюу салыптыр. Бул кандай жакшы. Бизде да ушундай болгондо жакшы болмок. Эми, бардык товар жана кызматтардын баасы эки тараптын айлык акысына карата салыштырылат. Бул жагынан карасак Венгрия менен Кыргызстандын орточо айлык акысына олуттуу айырмачылык жок. Демек, бул жагынан алып карасак, биздин тийиштүү жетекчилерге “бали” деп ыраазычылык айтсак жарашат. Өзү көп нерсени жактырбаган, аз ыраазы болгон элбиз да (күлүп)

-Будапештте эмне жумуш кыласыз?

-Будапешттен магистратурада окуп жана иштеймин. Окуум Corvinus University of Budapest тте, ал эми жумушум Computacenter Hungary деген Британиялык ишканада. IT жаатында жардам көрсөтөбүз.  Өкмөттүн буйругун аткарып, баардык жумуштарды үйдөн иштеп жатабыз.   Кыргызстаныбыз тынч болсун.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru