Нурбек Тотонов: “Мени сабалды деген маалымат жалган”

Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Тотонов сабалып, ооруканага түштү деген маалымат чыккан болчу. Депутат өзү байланышка чыгып, төгүндөдү.

“Мени сабалып, ооруканага түшүп калыптыр деген маалыматты интернеттен окудум. Көнүл деле бурган жок элем, бүгүн апам чалыптыр. “Сени ким сабап кетти?”-деп тынчы кетип. Мен балдарымды ээрчитип, эс алууда жүрөм. Мушташмак түгүл, эч ким менен чырдашкан киши эмесмин, ал курактан өттүк”-дейт эл өкүлү.

Leave A Reply

Your email address will not be published.