Нурболот Усенбаев башкы санитардык дарыгер болуп дайындалды
Нурболот Усенбаев саламаттык сактоо министринин орун басары, башкы санитардык дарыгер болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр кол койгон. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Эске сала кетсек, бүгүн Төлө Исаков саламаттык сактоо министринин орун басары кызматынан бошотулган.
Усенбаев Нурболот Төлөшевич – 1962-жылы 23-апрелде Фрунзе шаарында төрөлгөн. Жогорку билимдүү.