Нурлан Насип сабатсыз журналистти сотко берет

Эстрада ырчысы Нурлан Насип өзү тууралуу жалган маалымат тараткан журналистти сотко берээрин Инстаграм баракчасына жазып чыкты.

Анын айтымында, буга чейин да ал жана үй-бүлөсү тууралуу жалган маалыматтар жазылган.

Ушундайды кудайдан коркпой кантип жазышат, ар ким жөнөтүп “тынчсыңбы” деп сурагандар болуп жатат.
Ар бир нерсенин өзүнүн этикасы болот, чектен чыкпагыла, сабатсыз ютубда олтурган журналистер!
Сотко берем, капа болбогула, үй бүлөөм жөнүндө дагы ар кандай акылга келбеген сөздөрдү жазып жүрүшөт. Көп учурда сабырдуулук менен карап келатам, сабырдын дагы чеги болот. Мындан кийин капа болбогула!”
,-деген билдирүү калтырган.

Белгилей кетсек, буга чейин Ютуб каналдарынын бирине Нурлан Насип аварияга учурап өлүм алдында жатат деген маалымат тарап кеткен.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru