Нурманбет Раймалы уулу КМШ оюндарында бел боо күрөшүнөн алтын медал утту

Татарстандын борбору Казань шаарында өтүп жаткан КМШ өлкөлөрүнүн I оюндарында Нурманбет Раймалы уулу бел боо күрөшү боюнча мелдеште алтын тагынды.

Ал 100 килограмм салмакка чейинки категорияда күрөшүп жеңишке жетти.

Белгилей кетсек, ал буга чейин ушул эле оюндарда грек-рим күрөшү боюнча күрөшүп, коло медаль жеңген.

Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине кирген өлкөлөрдүн I оюндарында медалдар боюнча Кыргызстан 5-орунда келе жатат.

Учурда Кыргызстандын куржунунда 2 алтын, 9 күмүш жана 14 коло (жалпы 25) медаль бар.

Кыргызстандан КМШ өлкөлөрүнүн оюндарына 163 спортчу катышат. Алар спорттун 13 түрү боюнча күчүн сынайт.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru