Нурзат Токтосунова, теле алып баруучу: «Учурда бала тарбиялоодо бир топ кемчиликтер бар»

Мындай пикирин алып баруучу өзүнүн жеке баракчасына жазып чыкты:

“Мен өзгөчө аялдардын билимдүү болуусу канчалык маанилүү экенин баса белгилегим келет. Жогоруда айтылгандай, билимдүү, тарбиялуу жана ыймандуу жаштар өлкөнүн келечеги. Бирок аларды мына ошондой мыкты деңгээлде ким тарбиялайт? Изилдөөлөрдүн жыйынтыгына таянсак, баланын тарбиясы 70% энеден көз каранды. Демек, келечекте сапаттуу муунду тарбиялай турган кыздарыбыздын сапаттуу билим алышына бүгүн шарт түзүп беришибиз керек. Тилекке каршы, учурда биз келечегибизди ойлобой жатабыз. Буга калыптанып калган эски көз караш таасир этүүдө. “Кыздын барар жери күйөө” деп, алардын билим алуусуна каршылык көрсөтүп, эптеп окууну бүтсө эле, турмушка узатып жиберүүгө шашабыз. Жыйынтыгында, улан-кыздар үй-бүлөнүн ыйыктыгын, турмуштун өйдө-ылдыйын жакшы түшүнө элек, моралдык жактан жетиле элек кезинде түтүн булатып калып жатышат. Мындайда финансылык жетишпестиктер жаралат. Ошентип, учурда турмуш кургандардын 70%ы ажырашууда. Бул нерседен кыздар жана наристелер көп запкы чегет. Эркектер көп учурда үй-бүлөсүн таштай качып кутулат. Эгерде келечектеги энелерге, тактап айтканда, азыркы кыздарыбызга сапаттуу билим берсек, мына ушундай бир топ көйгөйлөрдөн заматта кутулабыз. Үй-бүлөлөр сапаттуу жана бекем болот. Ал эми мындай үй-бүлө тарбиялуу, ыймандуу жана билимдүү жаңы муунду тарбиялай алат.

Учурда бала тарбиялоодо бир топ кемчиликтер бар. Азыр балдарды тарбиялоодон мурда ата-энелерди тарбиялоо керек болуп турат. Себеби, турмуштун айынан көп ата-энелер балдарына тарбия бермек турсун жетишерлик көңүл бурбай калды. Ата-энелер көп учурда балдарыбыз бизди укпайт деп арызданышат. Мунун себеби эң жөнөкөй: ата-эне балага үлгү боло албай калды. Мындан улам, алардын айтканы бала үчүн таасирин жоготту. Балдар чындыгында өзүнө ишенген, ийгиликтүү, тарбиялуу, айткан сөзү жасаган иши менен дал келген адамдарды үлгү тутуп, ошолорду угат. Англичаниндер: “Балаңды тарбиялабай эле кой. Ал ансыз да сени тартат. Андан көрө, сен өзүңдү тарбияла” дешет. Демек, ата-эне баласынын тил алышын кааласа, баарынан мурда өз баласы үчүн үлгү боло алышы керек. Биз ата-эне катары эч нерсе билбей же балдарга терс өрнөк берип турсак, алар бизди кайдан уксун?”-деди ал.

Leave A Reply

Your email address will not be published.