БШКнын Төрайымы “кийинки депутат аял киши болушу керек”- дейт. Мандат талаш башталды

Бүгүн  Жогорку Кеңештин депутаты  Аида Исмаилова вице-премьерлик кызматка кетти. Эми анын ордуна  кийинки тизмедеги Беккулу Бердиев депутат болуп келиши күтүлүүдө.  Бирок буга БШК макул эмес.  Бул боюнча БШКнын Төрайымы Нуржан Шайлдабекова   “коом press”сайтына:

«2020-жылдан тартып ишке кирген гендердик мыйзам боюнча  аял киши  башка кызматка кетип өзүнүн депутаттык ыйгарым укугун мөөнөтүнөн мурда токтотсо, ордуна аял киши мандат алышы туура болот.  Азырынча бизге Аида Исмаилованын арызы келе элек. Эгер ал арыз жазса, мыйзам боюнча Бешимбаева Айгерим Кабылбекова келиши керек. Ал эми тизме боюнча  Бердиев Беккулу Тагаевич келиши күтүлүүдө. Азырынча так чечим чыгара элекпиз. Фракция өзүнүн чечимин жиберишкен жок»-дейт ал.

Ал эми өздүк булактар Республика Ата-Журт фракциясынан Беккулу Тагаевдин мандат алаарын билдиришти.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru