Нуржигит Кадырбеков таксисттер менен айдоочуларды окубаса ишке албоону сунуштады

 Бул тууралуу ал туризм бизнесинин өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда айтты.

«Такси айдоочулары үчүн жалпы кабыл алынган эрежелерди жана эл аралык этикеттин нормаларын үйрөтүүнү биргелешип уюштуруу максатка ылайыктуу. Анткени, алар чет элдик туристтерди аэропорттордон биринчи тосуп алышат. Ошол эле курстарды официанттар жана гиддер үчүн да уюштуруу керек. Алардын жүрүм-турум маданиятынын деңгээли, тейлөө маданияты өлкөнүн жана элибиздин биринчи элесин жаратат. Көбүнчө сертификаты бар адистер чет элдик туристтерди тейлеши керек. Мындай тажрыйба өнүккөн өлкөлөрдө бар», — деди Кадырбеков.

Leave A Reply

Your email address will not be published.