народный

Облус жетекчисинин официанттардан салык алуу демилгеси сынга кабылды

Талас облусунундагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Бузурманкулов официанттардан салык чогултуу демилгесин көтөрдү. Мындай демилге облустун элинин кыжырдануусун жаратып, коомчулукта талкууга алынып жатат.

Айбек Бузурманкулов коомдук активист болуп, Таластагы “Жерүй” ишканасын жабуу демилгесин көтөрүп, мурдагы облус жетекчисин сындап келген. Жаңы кызматка дайындалгандан кийин “Жерүй” маселесин көтөрүүдөн эмес,  эптеп күн көрүп жаткан официанттардан салык чогултуудан ишин баштады.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru