Облустук жана шаардык мектептерине музыкалык аспаптарды тапшыруу аземи болуп өттү-(ФОТО)

П.Шубин атындагы борбордук балдар музыкалык мектебинде музыкалык аспаптарды өлкөнүн облустук жана шаардык музыкалык мектептерине өткөрүп берүү аземи болуп өттү. Бул тууралуу  Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Салтанаттуу иш-чарага Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков жана Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчиси Ду Дьюэн катышты.

Музыкалык аспаптар техникалык гранттын негизинде сатылып алынып, учурда мектеп директорлоруна тапшырылууда.

Министр Нуржигит Кадырбеков өз кезегинде, Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигине жана Элчи Ду Дьюенге ыраазычылык билдирип, эки өлкөнүн ортосунда маданият жаатындагы мамилелер жигердүү өнүгүп жаткандыгын белгиледи.

Элчи Ду Дьюэн өз сөзүндө Кытай тараптын маданий кызматташууну улантууга ниети жана дүйнөдөгү эпидемиологиялык кырдаал жакшыргандан кийин бир катар биргелешкен иш-чараларды өткөрүү пландары жөнүндө айтты.

Эскерте кетсек, бөлүнгөн гранттын жалпы суммасы 2 млн. 407 миң сом.

Сатып алынган музыкалык аспаптардын арасында пианино, аккордеон, кларнет, флейта, сурнай, прима-кияк, виолончель, скрипка, саксофон жана гитара бар.

Leave A Reply

Your email address will not be published.