Обсервацияда иштеп жаткан дарыгерлер канча сомдон айлык алышат? Өкмөттүн жообу:

  Коронавирус дарты менен күрөшүүдө  обсервацияда иштеп жаткан дарыгерлер айына 45 миң сомдон маяна алышат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук көзөмөл боюнча башкармалыктын башчысы Аида Акматова журналисттерге билдирди:

“Учурда обсервацияда иштеп жаткан дарыгерлер бир күн иштеп, эки күн бош. Мурда алып жүргөн айлыктары 2 эсеге көбөйтүлгөн. Азыр болсо муну 45 миң сомго чейин көтөрүүнү пландап жатабыз”-деди ал.

Мындан сырткары Аида Акматова  иш сапарда жүргөн дарыгерлердин толук шарты каралып, баардык чыгымдары төлөнүп берилүүдө деди.

Булак: Вести

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru