народный

Ок баланын көкүрөгүнө тийди. Ошто 13 жашар бала атасынын тапанчасынан өзүн атып алды

Ошто 13 жашар бала атасынын тапанчасынан өзүн атып алды. Бул тууралуу Ош облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 20-январда эртең менен Ош облусунун Кара-Суу районундагы Дыйкан-Кыштак айылында болгон. Анда Ош облустук милициянын тергөө тобунун 50 жаштагы кызматкери, өзүнө бекитилген табелдик ок атуучу 9мм Макаров тапанчасын 16 огу менен столго калтырып жуунганы кирип кеткен. Ошол кезде мектепке жөнөп жаткан 13 жаштагы уулу О.И тапанчаны кызыгып колуна алып, ойноп жатып атып алган.

Ок баланын көкүрөгүнүн сол тарабына тийген. Ички органдары жабыркаган эмес.

2009-жылы төрөлгөн баланын ататасынын тапанчасынан өзүн-өзу атып алган. Учурда абалы салыштырмалуу канааттандырарлык.

Милиция азыр аталган факт боюнча алгачкы териштирүү иштерин жүргүзүүдө.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru