Ок ордуна музыка. Казак полиция кызматкеринин формачан пианинодо ойногон видеосу

Кадрдан полиция кызматкеринин кызматта жүргөндөй учурун көрө алабыз. Бирок ал бөлмөдө отуруп Моцарттын “№6 симфония. Периштелер музыкасын” аткарып жатат.

Павлодар облусунун Полиция департаментинин маалымат кызматы ал Щербактинск районундагы полициянын ыкчам кызматкери, милициянын майору Ренат Садвокасов экенин билдирген.

Видеону көп адамдар көрүп, социалдык тармактарга бөлүшкөн. Комментарийлер ар кыл болгон. Кээ бирлери жактырып, суктанса, кай бирлери “союл кармаган адамдар ушундай назик нерсени жасай алат бекен?” деген маанайда суроо узатышкан.

“Ренат бул учурда кесиптештеринин маанайын көтөрүш үчүн пианинодо ойноп берген”, — деп түшүндүрмө берген маалымат кызматы.

Полиция департаментинен майор Садвокасов 2012-жылдан бери бул тармакта экендигин жана анын атасы да полицияда кызмат өтөгөндүгүн билдиришкен.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru