Октябрь айынан баштап мектептер кадимки режимде окушат

700×100 kyr

Президент Сооронбай Жээнбеков Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков менен онлайн режиминде жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Билим берүү министрлигинин башчысы октябрь айынан баштап салттуу негизде эпидемиологиялык абалды турукташтырып, мектептерде билим берүүнү калыбына келтирүү пландары боюнча сунушун жарыялады.

Президент жакынкы аралыкта салттуу режимде билим берүү процессин калыбына келтирүү сунушун колдоп, бул процессти этап-этабы менен баштоону сунуш кылды.

- Advertisement -

Leave A Reply

Your email address will not be published.