Окумуштуулар COVID-19ду эки секундада жок кыла турган ыкма ойлоп табышты

Израилдик окумуштуулар радиотолкундар менен COVID-19ду эки секундда жок кыла турган ыкма тапканын айтып чыгышты. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКларга шилтеме берип “Известия” жазды.

Маалыматка караганда, сөз болуп жаткан толкун медицинада буга чейин деле колдонулуп келген. Дарыгерлер аны рак клеткаларына каршы күрөшүүдө пайдаланышат.

“Ариэль университетинин адистери радиотолкундар коронавируска кандай таасир этерин иликтеп көрүштү. Жыйынтыгында 10 миллиметрлик толкундар COVID-19ду эки секунд ичинде жок кылары белгилүү болду”, — деп айтылат билдирүүдө.

Бирок окумуштуулар радиотолкундар вирусту бөлмөнүн ичинде, буюм-тайымдын үстүндө жок кылуу үчүн гана колдонууну көздөп жатышат. Анткени бул толкундар адамдын организмине терс таасирин тийгизиши мүмкүн.

Адистер азыр имараттын ичинде вирустарды жок кылуу үчүн ультракызгылт көк нурлары колдонулуп келгенин айтышты. Анткен менен лампалар бир нече мүнөт, айрым учурда бир саатка чейин иштеп турушу керек.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru