народный

Окумуштуулар коронавирусту 48 саатта жогото турган дары табышты

Австралиянын Монаш Университетинин жана Мельбрундагы Королдун ооруканасынын окумуштуулары паразиттерге каршы  ивермектин дарысы коронавирус SARS-CoV-2нин 48 саатта жогото турганын аныкташты. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, лабораториянын шартында изилдөөчүлөр ивермектиндин коронавирус жуккан клеткага тийгизген таасирин анализдеп чыгышты. Аталган илдет жуккан клеткага эки сааттан кийин дарыны кошушкан. Бул дарынын бир эле дозасы бир суткадан кийин вирус жуктурулган  РНКнын 93%ке төмөндөгөнүн, а эки суткадан соң 99%тен ашык азайганын аныкташты.

Мындан улам ивермектин менен дарыланган клеткада 48 саатын ичинде, контролдо турган үлгүлөргө караганда, вирусталган РНКнын 5000 эсеге  азайганы билинген.

Окумуштуулардын айтымында, ивермектинди азыртадан баштап колдонуу вирустук чыңалууну азайтканга, анын кесепетинен ооруларды өтүштүрүп жибербегенге жана коронавирусту алдын алууга көмөктөшө алат деп эсептешет.

Булак: Абал кг

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru