Окуучулар менен студенттер реалдуу окутууга качан кайтышат? Билим берүү министринин жообу

Реалдуу режимдеги окутууну жандантуу эпидемиологиялык кырдаалдан көз каранды, деди билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев АКИpress агенттигине берген маегинде.

Анын айтымында, министрликте мектептер, жогорку жана орто окуу жайлар үчүн кырдаалга жараша бир нече сценарий иштелип чыкты.

Окутуунун 3 варианты сунушталып жатат:

1. Окуу процессин толугу менен онлайн режимде уюштуруу;

2. Окутууну аралаш форматта уюштуруу — айрым сабактарды онлайн режимде, кээ бирлерин офлайн режимде өткөрүү;

3. Реалдуу окутууга өтүү.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru