Олимпиада оюндарындагы Кыргыз командасынын расмий спорттук кийими кандай? (Сүрөт)

Улуттук Олимпиада комитети оюндарындагы Кыргыз командасынын расмий спорттук кийиминин сүрөтүн жарыялады. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой , социалдык тармактарда кыргыз спортчусунун Пекинде өтө турган кышкы Олимпиада оюндарына кийип бара турган формасы сынга алынган. Бул боюнча маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирүү жасаган. “Талкууланып жаткан спорттук кийим кышкы Олимпиада оюндарындагы Кыргыз өлкөсүнүн расмий спорттук кийими эмес, жөн гана машыгуу учурунда кие турган кийими. Пекин шаарында өтө турган Олимпиада оюндарындагы Кыргыз командасынын расмий спорттук кийимин Олимпиада комитети бүгүн жарыялайт”, – деп билдирген министр.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru