Олимпиада: Токиодо жоголгон угандалык спортчунун каты табылды

Токиодо өткөн жумада жоголгон 20 жаштагы угандалык спортчунун каты табылды. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Олимпиадалык оюндарга Япониянын батышында машыгып жаткан Юлиус Ссекитолеко Японияда иштөө үчүн калууга ниеттенип жаткандыгы жөнүндө кат калтырган.

Маалыматка ылайык, оор атлетчи жергиликтүү станциядан Осакадан 200 чакырым алыстыктагы Нагояга билет сатып алган.

Катта ал Угандага кайтып баргысы келбесин, анткени ал жакта жашоо кыйын экенин айткан. Жана делегация мүчөлөрүнөн анын буюмдарын өзүнүн карамагына өткөрүп берүүнү суранган.

Leave A Reply

Your email address will not be published.