Олимпиадага катыша турчу спортчулар төшөк кумарына батпаш үчүн картондон жасалган керебетке жатышат

Токиодогу Олимпиадага катыша турчу спортчулар төшөк кумарына батпаш үчүн картондон жасалган керебетке жатышат.  Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Мындай керебеттер адам катуу кыймылдаса эле сынып калат. Алар 200 килограммга чейин салмакты көтөрө алат. Мындай жатак жайларын орнотуу чечимин Эл аралык олимпиада комитети кабыл алган. Уюм пандемия учурунда спортчулар төшөк кумарына батпайт деп ишенерин билдирген.

Спортчулар жашай турчу аймактын башкармасы Такэси Китадзиманын пикиринде, оюндун катышуучулары  жеңишин керебетке секирип деле  майрамдабайт.

Leave A Reply

Your email address will not be published.