Оор жумушка тартылган 2 өспүрүм аныкталды. Жалал-Абадда “Эмгек өспүрүм” рейди өттү

​Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан “Эмгек өспүрүм” рейди өткөрүлдү. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, рейддин алкагында шаар аймагындагы базарлар, курулушу жүрүп жаткан имараттар, соода жайлары текшерилген.

Рейддин жүрүшүндө оор жумушка тартылган 2 өспүрүм аныкталып, тиешелүү чечим кабыл алуу үчүн шаардык балдар иштери боюнча комиссиясына жөнөтүлдү.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru