Ооруканада жаткан туугандардын абалы жөнүндө билүүгө мүмкүн болгон telegram-канал ачылды
Саламаттыкты сактоо министрлиги telegram-канал ачты, анда ар бир кыргызстандык COVID-19 жана пневмония менен ооруканага жаткырылгын тууганынын ден-соолугу жөнүндө билүүгө болот.
Маалымат алуу үчүн бейтаптын толук аты-жөнүн, өздүгүн тастыктаган документти, ал дарыланып жаткан оорукананы, ошондой эле бөлүмдү жана мүмкүн болсо палатанын номерин көрсөтүү керектиги белгиленди.
«Сиз тараптан бейтап менен үй-бүлөлүк байланышыңызды тастыктаган документ керек. Ал документтердин бири – нике күбөлүгү, туулгандыгы тууралуу күбөлүк, паспортуңуздун сүрөтү», – деп билдирет канал.
Бейтаптын абалы жөнүндө жооптор жеке билдирүүлөргө жөнөтүлөт.
Кайрылуулар саат 9.00дөн 18.00гө чейин каралат.