Оорукананын биринин алдына тез жардам унаасына толуп кетти-(ВИДЕО)

Бишкектеги ооруканалардын биринин алдына “Тез жардам” унаасы толуп калгандыгы тууралуу видео тарады. Тасма качан тартылганы белгисиз.

Видеонун автору: “Тез жардам” унаасы шыкалып калды. Италиядагыдай болуп жатабыз. Бул жак өтө жаман, элдер өлүп жатат”, –деп сүйлөп жатканын угууга болот.

Саламаттык сактоо министрлиги видеодогу айтылгандар боюнча толук маалымат берген жок, тасма кайсыл жакта тартылганы боюнча тактоо жүрүп жатканын айтты.

Булак: “Репортер” kg

Leave A Reply

Your email address will not be published.