Операциядан соң каза болду. Хирург жаңылып бейтаптын соо бутун кесип салган

Улгайган бейтаптын соо бутун жаңылып кесип алган хирургга 7,7 миң евро (болжол менен 646 740 миң рубль) айып салынды, деп жазат The Guardian.

Маалыматка караганда, 82 жаштагы жаран Австриянын Фрайштадт шаарындагы ооруканага жаткырылган, анын бутун кесүү керек болчу. Бирок, 43 жаштагы медкызматкер операция алдында бутунун туура эмес жерин белгилеп,кесип салган. Укук коргоо органдары ката тууралуу бир нече күндөн кийин билишкен, ал убакта бейтап каза болуп калган.

Хирург бул окуяны “адамдык жана техникалык ката” деп атап, жумуштан кеткен. Көп өтпөй башка шаарга көчүп кеткени айтылат. Сот аны шалаакылык боюнча күнөөлүү деп таап, ага айып салынып, бейтаптын жесирине компенсация төлөп берүүгө милдеттендирилди.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru