Орозайым Нарматова эмне үчүн кармалгандыгы маалым болду

Активист Орозайым Нарматованы унаа менен Бишкек шаарына Ош облустук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүлөрү алып кетти. Бул тууралуу «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын юристи Сейит Довлотов билдирди.

Анын айтымында, О.Нарматова ага саат 04:20 чамасында телефон чалган.

«Орозайым Нарматова телефон чалып, органдын балдары кармап калгандыгын айтты. Эмнеге кармаганын сурасам, тергөөчүлөр “бийликти басып алууга ачык чакырык кылганы боюнча” дептир. Мен аэропортко барып, бирок кире алган жокмун. Алар унаа менен чыгышты. Тергөөчүлөрдөн сурасам Нарматованы Бишкекке жеткиришет экен. Тапшырма ушундай болгон дешти. Негизи Нарматова боюнча Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун токтому чыгыптыр. Анда анын өздүк буюмдарын текшерүү айтылыптыр», – деди ал.

Жактоочунун айтымында, Биринчи май райондук сотунун токтомунда Жазык кодексиндеги 313-берене (расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу) тууралуу да айтылган.

  • О.Нарматова Кыргызстанга Москвада каза болгон агасын жерге берүү үчүн келген. Ал бүгүн агасынын үй-бүлөсү менен Россияга учуп кетмек.

Ош ШИИБдин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, Орозайым Нарматованы ШИИБдин кызматкерлери кармаган эмес. Ал эми УКМКнын басма сөз кызматы аны ИИМдин кызматкерлери кармагынын билдирди.

Буга чейин маалым болгондой, «Ош» эл аралык аэропортунда активист Орозайым Нарматованы укук коргоо органдарынын кызматкерлери кармап кеткен.

Окуя бүгүн, 10-сентябрь күнү таңкы саат 05:00дөр чамасында болгон.

  • Нарматова Орозайым Көчкөнбаевна 1994-жылы 19-февралда Өзгөн районунун Кара-Дыйкан айылында төрөлгөн. Ал Москва шаарында журналистика жана ишкерлик менен алектенет. Бир нече коомдук бирикмелердин негиздөөчүсү жана тең төрайымы болгон.
  • 2015-2017-жылдары «Мекенчил» саясий партиясынын тең төрайымы болгон.
  • 2020-жылы октябрь айында өткөн парламенттик шайлоодо «Бүтүн Кыргызстан» (№8) саясий партиясынан талапкер катары көрсөтүлгөн.

Булак:Akipress

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru