народный

“Орозайым Нарматованын диплом маселесинде БШК күнөөлүү”, – Надира Нарматова

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Орозайым Нарматованы мандатынан ажыратты. Буга байланыштуу кесиптеши Надира Нарматова “Коом Пресс” маалымат агенттигине пикирин билдирди.

“Мен бул иш боюнча ачык маалыматтар менен тааныш болбогондуктан тереӊ пикир билдиргенден алысмын. Бир несени гана айткым келет – бул жагдайда Борбордук шайлоо комиссиясын аракети туура эмес. Сөзсүз ант берип, депутаттык мандат алгандан кийин ажыратыш керек беле? Шайлоого чейин документтерди мыйзамдуулугун текшеришкен да. Жаштарыбызды бир сүйүнтүп, бир күйүнтүп, келечегин талкалоого себепчи болгон жаман нерсе.”

Белгилей кетсек, БШК Нарматованын жогорку билими тууралуу диплому жасалмаланган деп тапты. Жыйында УКМК менен Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү маалымат берген.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru