Орозалиев: Бишкек шаарынын тургандарын алдыдагы 7 күн бою үйдө калып, сыртка чыкпоону суранабыз

Бишкек шаарынын тургандарын алдыдагы 7 күн бою үйдө калып, сыртка чыкпоону суранабыз. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

“Урматтуу шаар тургундары, жакынкы бир-эки күндө коронавирусун жуктуруп алган алгачкы бейтаптар менен байланышта болгондордун 14-21-күндүк инкубациялык мезгили аяктайт. Ошондуктан алдыдагы 7 күн бою үйдө калып, сыртка чыкпоону суранабыз”, – деди Орозалиев.

Ал белгилегендей, жакынкы эки күндө оорулуулар менен байланышта болгон адамдардын инкубациялык мезгили аяктагандыктан, Бишкек шаарында кошумча тилкелерде кыймыл чектөөгө алынат. Карантиндик аймак кеӊейип, кыймылды чектөө жана адамдардын, унаалардын топтолушун болтурбоо үчүн базарлардын жана супермаркеттердин жанында санитардык-карантиндик посттор коюлат.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru