ФОТО – Орто-Сай базары өрттөнүп кетти
Такталган маалымат боюнча, түндө Бишкек шаарынын Октябрь районундагы Сүйөркулов көчөсүндө жайгашкан Орто-Сай базарынан өрт чыккан.
Өрттү өчүрүүгө КР ӨКМнен 5 бөлүм, 1 Авто шаты, 1 суу ташуучу унаа, ККББдан ыкчам топ, Штаб тартылган. Жеринде өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары полковник Калыс Ахматов көзөмөлдөп жатат. Мындан тышкары ИИМ, тез жардам кызматы, жана РЭТтен 1 бригада тартылган.
Өрт саат 02:16да чектөөгө алынды, бул деген өрттүн андан ары өөрчүшүнө жол берилген жок дегенди билдирет. Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Кошумча маалымат берилет.
КР ӨКМ маалымат кызматы.


