народный

Орус драма театры 85 жылдык маарекесин белгилөөдө

Бүгүн Чыңгыз Айтматов атындагы  орус драма театры 85 жылдык мааракесин белгилөөдө. Бул күнгө карата театр кызматкерлери “Театр, жаша жана эмгектен ” флешмобун уюштурушту.

«Бардык кесиптештеримди жана көрүүчүлөрүмдү ушул сонун майрам менен куттуктайм. 85 жыл – биздин театрдын даңктуу жолу. Шыктануунун, чыгармачылык ийгиликтин азаптуу издөөсүнүн бактылуу жолу. Ушул жылдар аралыгында орус драма театрынын сахнасында дүйнөлүк жана орус классиктеринин көптөгөн пьесалары жана кыргыз авторлорунун мыкты чыгармалары коюлду. Театр көрүнүктүү режиссерлордун жана актерлордун бүтүндөй галактикасын тарбиялаган. Биздин театр Советтер Союзунун бардык аймактарын кыдырып, көптөгөн фестивалдарга катышып, көптөгөн сыйлыктарга жана  болгон. Биз муну улантабыз », – деди театрдын көркөм жетекчиси Аким Текешев.

Жамаатты мааракеси менен куттуктоо үчүн Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Кайрат Иманалиев келди. Ал театрдын жамаатына төш белгилерди жана Ардак грамоталарды тапшырды.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru