Орус жарандыгын алып берүүнү убадалап, кыргыздарды алдаган жаран кармалды

Орусиянын Иркутск шаарында алданган кыргыз жарандарына 246 миң рубль келтирилген материалдык зыян компенсацияланды. Бул тууралуу Россиядагы элчиликтен кабарлашат.

Маалыматка ылайык, элчиликтин Иркутск шаарындагы канцеляриясына билдирүү түшкөн. Анда бейтааныш адам өзүн Орусиянын компетенттүү органдарынын биринин кызматкеримин деп тааныштырып, Орус жарандыгын алуу жана убактылуу каттоого турууга жардам берүүгө убада берип, акчаларын алып кеткен.

“Иркутск облусунун прокуратурасына бул материалдын алкагында мурда кабыл алынган чечим боюнча текшерүү иштерин жүргүзүү үчүн кайрылып, прокурордун жообуна карата чаралар көрүлдү. Соттук териштирүү жүрүп кылмыштуу аракеттердин натыйжасында, келтирилген материалдык зыян толугу менен төлөнүп берилди”, – деп айтылат билдирүүдө.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru