Орусия Кант авиабазасындагы Су-25 чабуулчу учактарын Тажикстанга алып кетти

Орусия Кант авиабазасынан Су-25 чабуулчу төрт учагын Тажикстандын Дүйшөмбү шаарына жакын Гиссар аэродромуна которду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.

Кыргыз Республикасында жайгашкан Орусиянын “Кант” аскердик базасынын Су-25 кол салуучу учактары Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун биргелешкен машыгуусуна катышуу үчүн Тажикстанга өткөрүлүп берилди”, – деп айтылат маалыматта.

Бул учактар душмандын ойдон чыгарылган буталарын издөө жана жок кылууну табышат. Ошондой эле тоолуу аймактардагы машыгуу жана согуштук миссиялар учурунда мотоаткычтар менен танк бөлүктөрүнө абадан колдоо көрсөтүшөт.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru