Орусия Кыргызстанга кайтарымсыз 5,2 млн. доллар бөлдү

Орусия Кыргызстанга 5,2 миллион доллар өлчөмүндө грант бөлдү. Бул тууралуу РФтин КРдеги элчилигинин маалымат кызматы билдирди.

“Орусия Федерациясынын өкмөтү баӊгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү үчүн Кыргызстанга кайтарымсыз түрдө 5,2 миллион доллар бөлдү”, – деп айтылат маалыматта.

Маалым болгондой, материалдык-техникалык жана каржылык жардам 2021-2022-жылдарга Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Баӊгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы кызматына көрсөтүлөт.

Leave A Reply

Your email address will not be published.