народный

Орусияда февралдан тарта нан кымбатташы мүмкүн

Орусиянын нан өндүрүүчүлөрү февраль айынан тарта нан азыктарынын баасы кескин кымбаттайт деген эскертүү берди.

Орусияда чыккан РБК басылмасы өлкөдөгү эң ири нан өндүрүүчү “Фацер” ишканасынын директорунун айткандарына таянып, нандын баасы 16,5-30% чейин кымбаттарын жарыялады.

Аталган компания бул маалымат тууралуу кеңири түшүндүрмө бербей, ун, транспорт, нанды орогонго кеткен каражаттар кымбат болгондуктан, баа өсүшү мүмкүн экенин билдирди.

Нанга карата баанын өсүшүн Иркутск облусунун “Коломенский” холдингинин жетекчиси Дмитрий Козлов да тастыктады.

Орусиянын Айыл чарба министрлиги бул маалыматтарды жокко чыгарып, былтыр инфляция айыл чарба тармагында 10% көтөрүлгөнүн билдирди.

Жалпы Орусияда инфляциянын деңгээли 8,39% болуп, акыркы алты жылдагы эң чоң көрсөткүчкө жетти. 2020-жылы инфляция 4,9% болгон.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru