Орусияда кыргызстандык аял 7 млн рубль уурдоого айыпталууда

Орусиянын Новосибирск шаарында 7 миллион рубль уурдоого шектелген 44 жаштагы кыргыз жарандын үстүнөн сот иши жүрүүдө. Бул тууралуу орусиялык «Комсомольская правда» жазды.

Маалыматка ылайык, ири суммадагы акчаны кыргыз мигранты, пол жууган аял уурдап алды деп айыпталууда. Акчасы бар сумканы мас абалындагы ишкер көчөгө таштап кеткен.

Ишкердин айтымында, ал досу менен ресторанда ичимдик ичип отуруп, көчөгө чыгып, такси күтүп туруп сумкасын унутуп кеткен. Анын айтымында, сумкада ири суммадагы акча болгон деп, кыргызстандык аялды айыптоодо.

Ал эми сумканы 44 жаштагы Айнагүл таң эртең менен таап алып жумушуна ала кетип, эртеси күнү иштеген жердин администрациясына бул тууралуу билдирген.

Бир күндөн кийин аны полиция кармап, уурулук боюнча айыптаган.

Кыргызстандык аял таап алган сумканын ичинде ак түстөгү эки жаздык тыш, флешка, медициналык бет кап жана калем сап гана болгонун айткан.

Бул окуяда, айрыкча ишкердин көрсөтмөсүндө көптөгөн карама-каршылыктар бар экенин айтылууда.

Айнагүлдүн СИЗО отурганына жарым жыл болду. Адвокат бир нече жолу анын баш коргоо чарасын өзгөртүүнү суранган, бирок сот ага макул болгон жок.

Аял жана ишкер полиграфтын жардамы менен суракка алынган. Аял 4 тесттен ийгиликтүү өтүп, 700 ашуун суроого жооп берген.

Эксперт айыпталып жаткан аял сумканын ичинен акча көргөн эмес деген жыйынтык чыгарган. Ал эми ишкер тесттен өтө алган эмес.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru