Орусияда мигрант аял автобуста пенсионер менен урушуп…

Екатеринбургда полиция автобуста пенсионерди сөккөн кондуктор-мигрантты кармады. Бул тууралуу E1.RU. жазып чыкты.

Жаңжалдан кийин аялга дароо төрт административдик протокол түзүлгөн. Ал Борбор Азия республикаларынын биринин жараны экени, Орусияда мыйзамсыз иштеп жүргөнү белгилүү болду.

Аял майда бейбаштык, миграциялык мыйзамдарды бузуу жана санитардык-эпидемиологиялык нормаларды сактабагандыгы үчүн административдик жоопкерчиликке тартылат. Ошондой эле алар аялды Орусиядан чыгарууну көздөгөндүгү такталган.

Окуя 17-январь күнү кечинде №42 автобуста болгон. Пенсионер босогонун тайгалагына нааразы болгон. Жооп катары кондуктор аны сөгүп, иттин кызы деп атап, баарын жек көрө турганын айтып кыйкырган.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru