Орусиялык спортчу Власов Акжол Махмудов менен күрөшүү ниетин билдирди

“Лондон-2012”, “Рио-2016” жайкы Олимпиада оюндарынын жана Дүйнөнүн учурдагы чемпиону, орусиялык белгилүү балбан Роман Власов кыргыз балбаны Токио-2020 Олимпиадасынын күмүш медалдын ээси Акжол Махмудов менен жакынкы убакта күрөшүү ниети бар экенин билдирди. Бул тууралуу Власов социалдык тармактагы баракчасында видео кайрылууда айтты.

“Мага Акжол Махмудов менен болгон күрөш тууралуу көп адамдар жазышат. Ал Олимпиада оюндарында өзүнүн татыктуу экенин далилдеп, күмүш медалдын ээси болду. Балким, биз кадимки мелдештерде жолугарбыз. Бирок андан майнап чыкпаса, бул күрөштү уюштуруу керек. Анткени убакыт өтүп жатат. Мен дагы эң көп 3-4 жыл күрөшөм. Анан бул жолугушууну өткөрбөсөк, анда эч кандай мүмкүнчүлүк болбойт деп ойлойм”, – деди Власов.

Эскерте кетсек, эки спортчу тең грек-рим күрөшү боюнча эң күчтүү атаандаштык бар делген 77 килограмм салмактын балбандары. Роман Власов Акжол Махмудовдон 9 жаш улуу жана буга чейин сентябрь айында дагы Махмудов менен килем үстүндө күрөшүү ниетин билдирген.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru