Орусиянын Тышкы иштер министрлиги чек арадагы жаңжал боюнча билдирүү жасады

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын тынчтык жолу менен сүйлөшүүсүнө байланыштуу билдирүү жасады. Анын билдирүүсү чет элдик басылмаларга жарыяланды.

“Биз боордош Кыргыз Республикасы менен Тажикстандын ортосундагы чек ара тилкесиндеги кырдаалдын кескин курчуп кетишине кооптонуу менен көз салып турдук. Тилекке каршы, куралдуу кагылышуунун натыйжасында эки тараптан тең адамдар курман болушту. Учурда кырдаал турукташты, бирок чыңалуу дагы деле сакталып турат.

Каза болгондордун туугандарына жана жакындарына көңүл айтабыз жана жарадар болгондордун тез арада сакайып кетишин каалайбыз.

30-апрелге караган түнү кагылышууларды токтотуу, курч кырдаалды сүйлөшүүлөргө өткөрүү, күчтөрдү жана аскердик техникаларды чыгарып кетүү боюнча тараптардын ортосунда жетишилген макулдашууларды кубаттайбыз.

Биз тараптарды мындан аркы сүйлөшүүлөрдүн жардамы менен союздаштык жана коңшулук маанайда кырдаалды нормалдаштырууга мүмкүндүк бере турган туруктуу жана узак мөөнөттүү келишимдерге жетишүүгө, мындай окуялардын кайталанбашы үчүн натыйжалуу чараларды көрүүгө чакырабыз. Ушуга байланыштуу Бишкек жана Дүйшөмбү шаарларынын биргелешкен жумушчу тобун түзүү жөнүндө чечимин колдойбуз, анын курамына калк менен маалыматтык иш алып баруу, ошондой эле чек ара аймагында кырдаалды көзөмөлдөө кирет.Орусия Кыргыз өлкөсү жана Тажикстан менен стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык принциптерин карманып, ар кандай талаштуу маселелерди саясий жана дипломатиялык ыкмалар менен чечүүгө ар тараптуу салым кошууга даяр”, – деп айтылат билдирүүдө.
Булак: Супер-Инфо

Leave A Reply

Your email address will not be published.