Ош: Өспүрүм баланы өлтүрүүгө шектелип 17 жашар өспүрүм кармалды

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы Ош шаарында бүгүн катталган өспүрүм баланы өлтүрүүгө шектүү катары 2004-жылы туулган К. уулу А. кармалганын кабалады.

Кармалган учурда жанында кастет болгон.

“Ал Бишкек шаарынын тургуну, Алай районунда туулган. Жасаган күнөөсүн моюнуна алып, сурак берүүдө. Шектүү бул оор кылмышка жабыр тарткан балдар менен сөз айтыша кеткендиктен баргандыгын айтып берди. Жанында салып жүргөн бүктөмө бычагы менен сайып жиберген. Аны менен кошо кылмыш болгон учурда жанында турган эки шериги да кармалды. Тергөө иштеринин жүрүшундө аныкталган жаны жагдайлар болсо, кошумча маалымат беребиз”-дейт Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru