Ош: Өзүн акыйкатчымын деген адам урнанын жанында турду – (ВИДЕО)

Ош облусундагы №5285 шайлоо участогундагы урнанын жанында өзүн Акыйкатчы катары көрсөткөн адам турду. Тиешелүү видеону окуянын күбөсү Кубанычбек Жусанов Facebook баракчасына жарыялады.

«Бул мыйзам бузуу болуп саналат. Ал өзүн акыйкатчы катары тааныштырып, урнанын жанында турат. Участкалык комиссиянын төрагасы аны чыгарган эмес. Бул Акыйкатчынын келишин шайлоого түздөн-түз кийлигишүү катары бааласа болот. Ал добуш берүүгө келген жок», – деп жазат жаран.


Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru